Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмиля Бурканова: “Ырларымдын жеке жашоомо, тагдырыма эч тийешеси жок”

Эмиля Бурканова: “Ырларымдын жеке жашоомо, тагдырыма эч тийешеси жок”

13-август, 12:00
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 -- Сен ырдаган ырлар олуттуу, кайгылуу. Айрымдар жүрөгүнө баткан нерсени элге жеткире алып чыгат го...

-- Мен бул жагына терең маани берем, жүрөктү бир “болк” эттирип козгогон ыр болсо гана тандайм. Анан обонуна же сөзүнө карап туруп эле ырдап салбайм. Экөө тең дал келсе, сөздөрүнүн да маанисине өтө көңүл бурам. Ырды ырдап, өз үнүм менен жаздырып көрүп, өзүмдүн оюмдагыдай болгондо гана элге алып чыгам. Ыр тандоодо өтө эле тежикмин, оңой менен ырларды жактыра бербейм. Кээде радиолорго, башка берүүлөргө барып калсам дагы ушул суроону узатышат. Бул ырлардын жашоомо эч кандай тийешеси жок. Болгону көңүлүмө жагып, купулума толгон ырлар. Темалары ушундай болуп калды. Ырларым кайгылуу болгону менен өзүм жашоодо шайыр адаммын. 

-- Жеке жашооң ойдогудайбы?

-- Жолдошум экөөбүз балдарыбызды тарбиялап жатабыз. Ал чыгармачылыгыма түшүнүү менен карайт. Мындайча айтканда, чыгармачылыктагы продюсерим десем да болот. Жакшыны жакшы деген туура го.

-- Сахнада жүргөн жылдыздарыбыздын үй-бүлөсүндө түшүнбөстүктөр көп болот. Бул адамдын тагдырынанбы?

-- Бул боюнча талдап айталбайм. Ар кимдин өз тагдыры, жашоого болгон ар кандай көз краштары бар. Андай нерсеге чалдыга элекмин, болбой эле койсун. Турмушта абдан бактылуу айыммын. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жактырып, сүйүп баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, мурун сүйлөшүп жүргөндө кандай болсок, азыр деле эч өзгөрүү жок. Өз жашоомо ыраазымын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер