Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Нарина Токтобекова, актриса: “Ушунун коркутуусунан улам ооруга да чалдыгып калдым”
Нарина Токтобекова, актриса: “Ушунун коркутуусунан улам ооруга да чалдыгып калдым”
02-август, 17:52


Актриса Нарина Токтобекова 10 жылдан бери ажырашып кеткен күйөөсү коркутуп жүргөнүн баракчасына жазып чыкты.
“Ушунун коркутуусунан улам ооруга да чалдыгып калдым. 10 жылдан бери элге билгизген жокмун. Эми болду жетишет, бул көйгөйдү сиздер менен чогуу чечейин дедим. Мени бир нерсе кылып кетсе, эки чүрпөм эмне болот? 10 жылдан бери эле “өлтүрүп” кетип жатат мени. А бир күнү бул чынга айлансачы? Бул сөздү угууга дальше шайым дагы, алым дагы жок. Өзүм кумурскага да зыянымды тийгизген жан эмесмин, муну мени билгендер жакшы билишет. Ошондуктан закондошолу, законду жакшы билгендер, кеңеш бериңиздер? Бир келген өмүрүмдө ушуну менен алышып жүрүп өтөмбү? Кана көрөлүчү, мыйзам чындап иштеп, алдын ала зордук-зомбулук менен күрөшө алышабы, же мен дагы бир күнү жертвага айланып, зөөкүрдүн колунан өлүшүм керекпи? Крик души!”










