Каныкей Эралиева: “Атаандаштарым жаман көрүшсө да, унчукпай эле иштеп келе жатам”


-- Аялзатынын, дегеле кыргыз музыканттарынын ичинен суурулуп чыккан мыкты обончу, классик композитор катары таанылдыңыз. Сиз жазган, аткарган ырлар жүрөктөн орун алат. Мисалы, “Жаз”, «Жаңы жылды тосолу», «Сезимдеги издер», «Ала-Тоо», «Апалар», «Аппак тоолор», «Бала жыты», «Айлуу түн», «Акыркы коңгуроо», «Ак чөлмөк», «Бал кымыз», «Бөбөктөр», «Күлүп кой»... Татыктуу бааңызды кеч алдыңыз окшойт?
-- Ошондой го. Бирок, элимден айланайын, барган жерде сыйлап, урмат көрсөтүшөт. Наамдын артынан чуркаган жокпуз. Өкмөт жакта бизди колдогон белдүү киши да болгон жок. Кошоматка да жок экенбиз. Бирок, бул жакшы нерсе экен, чыгармачылыкка баш-отубуз менен кирип иштедик. Мен теңдүү ырдап жүргөн ырчылар эрте эле “эл артисти” болушту. Биз болсо өнөр, чыгарма, музыка деп эле жашай бердик.
Жанагы гезит-журналдарга “Жылдын мыкты ыры” деп чыгат го, ал деле андай-мындайлары менен акча төлөнөт экен, аны деле билген жокпуз. Канча ыр жаздым, бир дагы ырым жылдын мыктысы болбоду.
-- Айтылбаган менен жылдын мыктысы эле болуп жаттыңыз. Эсимде, биз бала кезде жаңы жылда сиз аткарган “Жаңы жылды тосолуну” укмайынча уктачу эмеспиз. Сиз болсо күттүрүп, арттисттердин эң артында ырдайт элеңиз.
-- Ал ырдын автору Сардарбек Жумалиев. Байке мага сунуштап, мени үйгө чейин издеп келген эле. Сөзү Турар Кожомбердиевдики.
“...Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели...”. Кандай сонун ээ?!
Ал кишинин “Ак көгүчкөн” деген дагы бир ырын Жумакматовдун оркестри менен ырдап калдым. Эсенбек Мааданбековдун “Таң чолпонун” ырдадым. Көптөр ырларын сунуштачу, азыркы тил менен айтканда, ошол кезде “жылдыз” болгон экенмин. Аны деле билбейм, бала сымал окуп, иштеп. Жетип-жетпеген жашоо. Ошондо да кабагым-кашым дебей чыгармачылык менен иштеппиз.
-- Ошо кезде чачыңыз да узун эле.
-- Ооба, сонун кездер экен. Жандуу ырдайт элек. Раматылык Жумакматов оркестри менен бир сыйра ырдатып туруп эле эртеси концертке чыгарчу. Спорт ордосу толтура, билетке жетпей калгандар андан көп. Ошондо алган гонорарыбыз 8 сом болчу. Жумакматов 90 сом алчу.
-- Сиз мектепте окуп жүргөнүңүздө эле онго жакын обон жазып, алар эл ичинде ырдалып калган эмеспи. Азыр жүздөй романс, обондоруңуз бар, оркестр үчүн сюита, фортепиано үчүн соната, пьесаларыңыздын, скрипка, виолончель, фортепиано үчүн жазган вариацияларыңыздын эсеби жок. Кантип жетишесиз?
-- Иштедик. Азыр да сөз берметтерин тандап, музыка жазып жатабыз. Ал студенттик кезде жыл сайын жаздырчу да. Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын композитордук бөлүмүн бүтүргөм. Окууга да, ишке кантип жетишчүбүз? Азыр таңгалам. Жашаганыбыз квартира. Анча-мынча ата-энелерибиз жардам берет. Жолдошум Атайбек кароолчу болуп иштейт. 35 сом алат. Мен камералык хордо иштедим. Адегенде 90 сом алчумун, кийин 110 сом болду. Концерттерге чыга баштадык. Азыркыдай болсо акчанын астында калат элек...
-- Бир концертте бир үй алып коюп деңиз...
-- Ооба, машинеден машине алмашытырышат. Таанышпайт. Сүйлөшпөйт. Жансакчылар менен жүрүп калышканын айт. Биз тер төгүп иштедик. Мен теңдүүлөр соодага, башка жактарга кетишти, биз болсо өнөр үчүн калдык. Чыгармачылыкта келатканыбызга 40-50 жыл болуптур. Жаңылык издеп, талбай иштеп келе жатабыз. Муну айтсаң кээ бирөөлөр, көбүнчө атаандаштарыбыз жаман көрүшөт. Ошолорду кейитпейин деп унчукпай эле иштеп келе жатам.
-- Ушул позицияңыз эң туура, эжеке. Жасай турган ишти, кээде жасалган эмгекти деле жарыялабай жашырып, келечекке калтырган оң экен. Эмгек эч качан жерде калбайт эмеспи...
-- Унчукпай эле эч ким менен талаш-тартышы жок, өзүм менен өзүм болуп иштей бергенди жакшы көрөм. Көп ачылып сүйлөй бербейм.
-- Сиз төртүнчү класста окуп жүргөнүңүздө “Бөбөктөр” деген алгачкы обонуңузду жараткан экенсиз. Жакшы ыр. Айтайын дегеним, балдар үчүн ошол “Бөбөктөр” сыяктуу ырлар жетишпей жаткандай?
-- Биздин үй-бүлө бүт күчүбүздү жумшап, өз каражатыбызга мындай китеп чыгардык (Эже шкафтан “Күн балдары” аттуу ыр китепти алып чыгып, колума карматты. – Д.Б.). Бул китеп менден сага белек, балдарың менен ырдап жүр.
-- Рахмат эжеке, балдардын жандүйнөсүнө жакын, абдан кооз, сапаттуу чыгыптыр. Боёктору да ачык түстүү экен.
-- Орустар балдар үчүн сонун китептерди чыгарышат. Ичпей-жебей бар тапканыбызды ушул китепке короттук, “бала бакчадагы балдар ырдасын” дедик. Көбү белекке кетти.
-- “Жакшы иш кылдыңар” деген сөздөр болдубу?
-- Жок, каяктан? Азыр адамдар бир-биринен жакшы сөзүн аяп калган заман.
-- Музыканттардын арасында да көралбастык бар деңиз?..
-- Абдан да... Тээ 90-жылдары “Куудулдар театры” ачылып, биз да иштешип калдык алар менен. Раматылык Жаныбек Алыкуловдор баштаган. Каатчылык мезгил, эл кадимкидей алдастап калган. Аккордеон, комуз менен жүрөбүз. Элде эч нерсе жок, жумурткага, жүнгө деп концерт коюп калдык... Көйнөк илип койсоң тилип кетишчү, шакек койсоң бир заматта уурдап кетишет. “Сен бир эле ыр ырда” дешип, ырдай турган ырды кызгангандар болду, тобоо! Театрга ар кайсы жактан келишчү, арасында жакшы эжелер да бар болчу. Кээде жанагыдай жагдайлар көңүл оорутчу.
-- Жолдошуңуз Атайбек Бөдөшов агай көл-дайра адам экенин билем. Баары ошентип айтышат...
-- Атайбек экөөбүз чогуу билим алдык. Күрөңкеев атындагы окуу жайда. Мен подкурста, ал баянда окуду. Мен биринчи курска киргенде ал армиядан келди. Окуу жайда баян, аккордеон талашып окудук. Мен “Кыргыз жерин” ырдап калдым. Раматылык Аксуубай Атабаев биздин окуу жайга келип, көпчүлүктү ырдатып көрүп, ичинен мени тандап алыптыр. “Жүр, записке” деди бир күнү. Курсагым курулдайт, ачкамын. Студент кезде баарыбыз эле ачка жүрчүбүз. Же ал киши “курсагың ачпы?” деп сурап койбойт. Ырдап атсам курсагым кадимкидей курулдайт. Жазып аткан бала “кто это?” деп коёт түшүнбөй.
Ошентип радиондон күндө кетип атты “Кыргыз жери”. Студенттер келип, “айылдан классташым келиптир, “Кыргыз жерин” ырдап берип койчу?” десе ырдап берем. Элпек элем. Жашмын да, 17де. Азыр антпей калышсын... Ошентип, Атайбек экөөбүз жакын болуп кеттик. Экинчи курста үйлөндүк. Үчүнчү курста уулубуз төрөлдү. Андан кийин кыздуу болдук. Жетип-жетпеген тирлик. Окуйбуз, иштейбиз. Бир орустун үйүндө квартирада турчубуз. Кемпири оорукчан эле, ажатканасын жуудурчу, короосун шыпыртчу. Иним келди, аны батырбайт. Акыры ата-энем үй алып беришти...
-- Түндүктөн түштүккө келин болуп бардыңыз?
-- Ооба. Кайненем, кайнатам көп балалуу, колунда жок, жөнөкөй кишилер эле. Бирок, чоң кайнатам Токтогул, Жеңижок акындарга окшогон чоң адамдарды күткөн бай, бардар жашачу экен. Кулакка кеткенде бүт малы тартылып алыныптыр. Уй тууса музоосунун кулагына мөөр басып, колхоз алып койчу тура.
Кайнатам аябай жакшы киши болчу бапыраңдаган. Атайбек кайнатама окшош, ичине эч нерсе батпайт. Биз шаарда туруп калдык. Кайын сиңди, кайнилерим, айтор, туугандар көп. Кээде үйгө киши батпаганынан короого төшөк салып беребиз. Кабагым-кашым дебей күтөм аларды. Биз окуйбуз. Кайненем байкуш уулумду 7 жашка чейин багып берди. Өзүмдүн апам кызымды бакты.
-- Диалект менен сүйлөбөйсүз го?
-- Шаарда жашаганга тилим бурулбады окшойт. Болбой эле уулубуз сүйлөп калат.
-- Бир кез намаз да окуп жүрдүңүз окшойт?
-- Ооба, 2001-жылы намазга кайрылдык, ага чейин окуган жокпуз.
-- Рыспай Абдыкадыровдун "Мен айрылсам сен да менден айрылдың” аттуу чыгармасына Атайбек агай кандайча обон жазып калды эле?
-- Биз жакшы катышып калдык. Рыспай Абдыкадыров ак көңүл, өтө жакшы киши эле. Бизди сыйлагандай аларды анчалык урматтай алган жокпуз,чынымды айтайын... 50 жылдыгында бир автобус болуп көчүп бардык. Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Бөкөнбай Боркеев аялдары менен, айтор, көппүз. “Ай, мен ыр да жазам” деп ошондо берди ырларын. Ал кишинин кол жазмасы сулуу болчу. Обон ал кишинин көзү өткөндөн кийин чыкты. Атайбектин түшүнө кире берет экен. “Рыпай аке, ырыңызга обон чыгарам” дейт экен. “Обон чыгаргандан кийин кирбей калды” дейт. Өзүнүн сүйүүсү жөнүндө жазса керек. “Влюбчивый” киши эмес беле?
-- Кээде Рыспай аке чыгармачылык менен алектенбей калганда Давлет эже “бар, көчөгө чыгып, кыз-келиндерди карап келчи, жакшы ыр чыгарып калаарсың” дечү тура.
-- Ооба, жакшы жашаган, ынтымактуу жубайлар эле. 50 жашында ошентип дүңгүрөтүп той берди, 53 жашында каза болду... Ошто, Кара-Кулжада концерт берди, бир автобус артист баарыбыз ырдадык. Аябай сыйлады. Аялдардын баарына бирден француз атырын берди. Андай атыр жок азыр. “Диор” деген жашыл духи эле, жыты укмуш!
-- Кандай мезгилде обон жаралат?
-- Кээде обондор өзү эле чыга берет. Көбүнчө сөздөрү берметтей, кыттай куюлган ырларды окуганда чыгып калат. Анда да биринчи Атайбекке сунуш кылам, “сен карап көрчү?” деп.
-- Агайдын обондору биринчи сиздин сыныңыздан өтсө керек?
-- Ооба (күлдү). “Бул жери минтип калыптыр” деп эле айтып салам, күлүп калат.
-- Эки чыгармачыл адамдын бир үйдө жашаганынын ушунусу да жакшы, бири-бирине жөлөк болот.
-- Ошондой экен, бири-бирибизди сүйөп-таяп турабыз.
-- Ырчы болбой калсаңыз ким болмоксуз?
-- Врач болмокмун. Адамдарды дарылагым келчү.
-- Ыр менен дарылап жатпайсызбы. Эже, сиз бир маегиңизде “өмүрдүн өзү өкүнүч” дептирсиз. Эмне үчүн өкүнүч? Укмуштуудай обондоруңуз бар, өмүрлүк жолдошуңуз жакшы адам, мыкты обончу. Балдарыңыз ыймандуу, акыл-эстүү...
-- Бул өмүрдүн аягы өкүнүч экенин айтайын дегем. Жарык дүйнөгө келесиң, окуйсуң, жол издейсиң, изденесиң. Анан турмушка чыгып балалуу болуп, аларды тырмалаңдап жүрүп багасың. Бутуна тургузасың. Эми жакшылык көрөрдө кете бермей дүйнө экен да...
Динара Бейшеналиева
"Азия Ньюс" гезити











