Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бек Борбиев: “Велосипед чыгара албай жүргөн өлкөбүз, автоунаа жөнүндө али сөз жок”

Бек Борбиев: “Велосипед чыгара албай жүргөн өлкөбүз, автоунаа жөнүндө али сөз жок”

21-февраль, 12:08
2 710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Велосипед чыгара албай жүргөн өлкөбүз, автоунаа жөнүндө али сөз жок. Оң рулдууларга тыюу салабыз дегендерге ар дайым каршы оюмду айтып келем. Өзүбүздө автопром жок болгон соң, элдин социалдык деңгээлин көтөрүү үчүн кандай авто болсо да чек койбой, киргизүү керек. Унаасыз азыркы заманда карапайым үй-бүлөнү элестетүү кыйын. Автокырсыктарга сол рулдуулар деле аз эмес катышып жатканы баарыбызга маалым. Андыктан оң рулдарга тыюу салганды ойлобой, өкмөт автопром курууну ойлонуусу керек. Коңшу Өзбекстанга окшоп унаа заводдорун куруп алсак, анда түшүнүктүү, оң рулга тыюу салсак орундуу, же ошол эле Россиядай. Менин сунушум: “Оң рулдуу унааны биздин шартта, биздин сол рулдуу трассаларда кантип айдоо керек?” деген айдоочуларга эки айлык курстарды ачуу керек. Экзаменден өткөндөргө өзүнчө күбөлүк берип, трассага коё берсе болот. Албетте, бул менин жеке пикирим. Өзүң сол рулдуу же оң рулдуу эмес, арткы орунга дагы руль коюп унаа жасай албаган соң, сырттан келген кандай унаа болсо дагы өлкөгө киргизүүсүнө тыюу салуу – бул акылсыздык!” деп Инстаграм социалдык тармакка жазып чыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер