Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Байсариев кимдин колун сурады?

Бакыт Байсариев кимдин колун сурады?

15-февраль, 17:25
2 392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шоумен, актёр Бакыт Байсариев социалдык тармактагы баракчасына кутуга салынган шакекти кармап турган сүрөтү менен бөлүштү. Ал жөн гана сүрөттү жарыялап тим болбостон, "бүгүн менин таңым кофе менен башталган жок. Бүгүн мен күйөө баламын" деген кыска билдирүү калтырды.

Анын бул билдирүүсүнүн алдына айрымдары "бакыт каалайбыз" деп жазышса, айрымдары "жеңелүү болот экенбиз" деген комментарийлерин калтырышты.

Суроо жараткан сүрөт боюнча шоумендин өзүнө байланышканыбызда, буларга токтолду.

"Негизи бул кыскаметраждуу тасмадан алынган кадр. Мен тасмада башкы ролдо ойноп жатам, акыркы эпизоддору тартылды. Тасма жалгыз бой жүргөн кыздар менен жигиттердин маселеси тууралуу. Анда ата-энелердин, туугандардын сунушу менен таанышкан кыз менен жигиттин образын жараттык" дейт ал.

Белгилүү болгондой, кыскаметраждуу тасмада Бакыт Байсариев актриса Рахат Аксултанова менен башкы ролду жаратат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер