Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжайна Атаканованын үстүнөн тармактык маркетингдин жетекчиси арыз жазды

Гүлжайна Атаканованын үстүнөн тармактык маркетингдин жетекчиси арыз жазды

15-февраль, 12:03
1 919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Куудул Гүлжайна Атакановага тармактык бизнестин жетекчиси Бакыт Алиев арыз жазды. Бул туурасында ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкты. Ал арызды окуганга чейин ишенбегенин айтат.

“Арызды колума алып окуганга чейин ишенген жокмун. Көргөн көзүмө ишенбей, кайра-кайра окудум. Эгер такыр чечилбей турган маселе болсо да мынчалык нес абалда болбойт элем. Күткөн эмесмин. "Сооптун түбү тешик" деген ушул беле? Канча адамдар арыз жазабыз дегенде "койгула, андай кылбагыла, баары жолуна түшөт, көрөсүңөр мурдагыдай иштейт" деп таламын талашып жүргөнүмө жол болсун!

Арыз жазганга кантип колу барды? Кантип калем сапты кармап жазды? Жазып жатканда көз алдына ушунча чогуу жүрүп, чогуу иштеп, ысык-суукта чогуу болгондор кантип келбеди? Бакыт Алиев, ушундай адам белең? Менин жакшылыгымды унутуп койгон болсоңор, Кудай таразаласын” деп жазылат билдирүүдө.

Андан тышкары, куудул күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип жатып бул окуя ага чоң сабак болгонун айтты.

Азырынча тараптар окуя тууралуу кеңири түшүндүрмө берише элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер