Айбек Мырза: “Пулуң болсо кулуңмун” позициясы түбүбүзгө жетпесе болду”
Жарандык активист Айбек Мырза Жерүй айланасындагы иштер жүрүшпөгөнүнө, баарын акчага сатып алып, фейктер аркылуу каралаганды куралга айландырган замандаштарына нааразылыгын жеке баракчасына жазды.
"Пулуң болсо кулуңмун" деген позиция түбүбүзгө жетпесе болду. Чет мамлекеттик алтын компаниялары жергиликтүү ММКларды, эксперттерди сатып алып, Фейсбук фейктерди жалдап, элдин башын айландырып, кара пиар жүргүзүп, өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу аракетин кылып келишет. Өкүндүргөнү – мекенчил ММКлардын, активисттердин, жарандардын азая баштаганы. Мамлекет болсо билмексен болуп, жоопкерчиликтен качып, башын кумга бекиткен абалда. "Акча – колдун кири" деп ата-бабаларыбыз айткандай, алган акчаңар коройт, жукпайт. Болбогон жеңил нерселер “хайп” болуп, элдин түпкүлүктүү маселелери көңүл борборунан кетип жатканы өкүндүрөт. Бирок "элүү жылда – эл жаңы" дегендей, мекенчил, эр жүрөк, кыргыздын келечегин жүрөгү менен ойлогон муун абалды жөнгө салат деп терең ишенем!”