» Шоу-Бизнес » Асел Кадырбекова: “Уйкум качып, ошол каргашалуу күн көз алдыман кетпей жатат”
Асел Кадырбекова: “Уйкум качып, ошол каргашалуу күн көз алдыман кетпей жатат”
09-февраль, 19:45
1 201 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ырчы Асел Кадырбекова акыркы жылдагы жашоосундагы чоң бурулушту унута албай жатканын баракчасындагы катталуучуларына бөлүшүп келет. Бул жолу ал: “Таңкы саат беш болуп калды. Уйкум качып жатат. Түнкүсүн ар кандай ойлор келет. Сизде да ушундайбы? Мен эмне тууралуу ойлонуп жатам? Айтор, билбейм, ошол күндөр көз алдымда турат. Ушул каргашалуу күндөрдү эсимде “жаркыраган” бойдон калат деп ойлогон эмесмин. Мен тескерисинче, жашоомдун бул бөлүгүн “кайгылуу” нерсе катары эстейм деп ойлогом. 2020-2021-жылдар менин жашоомдо катуу сыноо болду. Адам катары жашоодо сынган жокмун деп ойлойм! Алтургай күчтөндүм. Ушул күндөргө да Аллага шүгүр кылам! Жакындарымды да сынап, аларга да күч берди. Кудайга шүгүр. Бул жашоону канчалык сүйгөнүмдү сөз менен айтып жеткире албайм. Мен сени көбүрөөк баалай баштадым, сүйөм жана баары үчүн рахмат!».