Инстаграмдагы “миллионер” жылдыздар кимдер?


Социалдык тармактар арасында шоу бизнес өкүлдөрү өзгөчө басым менен колдонгон тармак бул – Инстаграм. Алар жөн эле отура бербей, жеке ой жүгүртүүлөрү, ички турмушу, ичкен-жегени, ырлары, баскан-турганы, кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүп, кыргыз эстрадасынын көпчүлүк өкүлдөрү элдин көңүлүн өздөрүнө буруп, катталуучулардын санын көбөйтүшөт. Катталуучуларынын санына жараша эбин таап бизнес кылып жаткан миллионер жылдыздарды “Фабула пресс” тизмектеп чыккан.

Самара Каримова
Эске салсак, Кыргызстанда биринчи жолу миллионер аталган Инстаграм колдонуучусу – бул Самара Каримова. Ал башкалардан айырмаланып, эң алгачкы миллионер болгондугун майлап, жакындарына, чыгармачылыктагы сапарлаштарына, күйөрмандарына атайын сый тамак берген. Учурда анын катталуучуларынын саны 1 миллион 800 миң адамга жетти.

Анжелика
Самара Каримовадан кийин көп өтпөй эле кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү экинчи миллионер айымга куттуктоолорун жаадырып башташкан. Ал – ар иштин майын чыгара аткарган ырчы айым Анжелика. Ырчы учурда бир гана ырчылыгы менен таанылбастан, алпаруучу, ишкер айым, саякаттоочу , блогер жана муктаждарга кол сунган боорукер айым катары да таанылып келет. Учурда ырчынын 1 миллион 600 миңден ашуун катталуучулары бар.

Асел Кадырбекова
Асел чыгармачылыгы, жеке турмушу, ийгилик сырлары менен тынымсыз күйөрмандары менен бөлүшүп турат. Катталуучуларынын саны учурда 1 миллион 600 миңден ашты.

Элдана Сатыбалдиева
Жаштар арасында өзгөчө популярдуу блогер – Элдана Сатыбалдиева. Элдана эл Инстаграмды жакшы түшүнө электе эле эң көп катталуучу топтогондордун башында турчу. Өзгөчө стили, вайндары, ийгилик сырлары менен тынымсыз бөлүшүп турат. Элдананын баракчасы аркылуу да көптөгөн компаниялар өз өндүрүштөрүн жарнамалап турушат.

Эмил Эсеналиев
Жакында эле миллионерлердин катарына тамашоучу, куудул, актёр, блогер Эмил Эсеналиев да кошулду. Эмил кыскача тамашалуу видеолору, ийгилик сырлары менен тынымсыз бөлүшүп турат. Инстаграм Эмил үчүн ийгиликтүү киреше булагы экендигин анын тынымсыз жарнамалык роликтеринен, тамашалуу вайндарынан баамдоого болот.











