“Кара дуба ичине түшүп кеткен” дешти. Өлүмдү күтүү менен жашап калдык...


Менин жолдошума бир топ жыл мурда эле кара дуба окутулган экен. Айыктырууга көп аракет кылдык, күчтүү молдолорго дем салдырдык. Өзү мурдатан эле намаз окуйт, ыймандуу жигит. Бирок улам эле ар түрдүү ооруга чалдыгып, биринен айыкса башкасы чыгып, андан айыкса жашоосунда да көйгөйлөр болуп, ири суммадагы акчага чыгаша болду. Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду, бирок көптөн бери сүйлөшүп жүргөнбүз. Аны жакшы көргөнүм үчүн ушу кыйынчылыктардын баарына кайыл болуп турмушка чыгып алгам. Ал өзү каршы болду, “таасири сага да тийет, сенин жашооңду тобокелге сала албайм” деп. Бирок мен аны ушундай кыйын учурда жалгыз калтыргым келбеди.
“Кара дуба ичине түшүп кеткен” дешти. Андай нерсе акыры өлүмгө алып барарын айтышты. Ошонун кесепетинен мага болгон мамилеси да өзгөрүп кетти. Кандай кылсак болот? Кеңеш бериңиздерчи? Туугандарым, жакындарым, баары акыл айтышууда. “Сен жашсың, өзүңдү ойло, башка жакка кет, иште, оку. Ал адам менен келечегиң талкаланып калат” дешип. Чынында таасири тийип жатканы мага да билинүүдө. Балалуу болсок ага да кесепети тийеби? Ошого сактанып жүрөбүз. Дуба аябай күчтүү сыйкырчыга окутулган экен. Окутулган нерсени таап өрттөсөк дагы жардамы тийбей койду. Кайра-кайра кайталап окутулганын айтышууда.
Айзада
"Азия Ньюс" гезити











