Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Райымкулов: “Ассоль Молдокматовага 120 миң доллар карматсам, “любой жериңди өпкүлөйм” деди”

Алмазбек Райымкулов: “Ассоль Молдокматовага 120 миң доллар карматсам, “любой жериңди өпкүлөйм” деди”

20-январь, 21:01
16 611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмаз иним менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. Кыргыз тарыхын казып, кыргыз тамагын элге тартуулап, ара чолодо Ассоль Молдокматова айымды кеп кылды. Дүйнөнү дүгүрөткөн Майк Тайсон, Сильвестер Сталлоне, UFCнин чоңу Дэйна Уайтты Кыргызстанга апкелсе болорун кошумчалады.

-- Алмаз, Ассоль айым менен байланышып атасыңбы?

-- Жок. 

-- Ал айымга канча жакшылык кылдың, ошону бааладыбы?

-- Ассоль Молдокматовага 120 миң АКШ долларын колуна карматтым. 

-- Накталайбы?

-- Мен алперген “Крайслер кабриолет” машинаны азыркыга чейин тээп жүрөт. Аны 45 миң долларга Америкадан алгам, колуна 75 миң доллар карматтым. Эми ошого ыраазы болбой жүргөнсүйт. Анын алдында эркектик вазийпамды толугу менен аткардым. 

-- Алчы?

-- “Любой жериңди өпкүлөйм” деди.

-- Кандайча?

-- Чоң киши болуп туруп түшүнбөй каласыз да (күлүп)... Сөзсүз түрдө эле бутумдун учунан кайсы жерге чейин экенин айтыш керекпи? Аялдарга эркектер күн сайын акча “тууп” туруш керек окшойт, антпесең эч качан тойбойт өңдүү. 

-- Жаңыдан Америкага баргандабы?

-- Жаңыдан Америкага келгенде “Голливудга киного тартылат элем, киргизип койчу? Сенин ал жакта тааныштарың көп да, “жылдыз” болгум келет” деди. “Голливуд сен үчүн эмес, сенин туугандарың да үчүн эмес, ал мен үчүн, кечирип кой” дедим. Уулу Жан Воиновду алып чыгып, клубдук бийчилерге кошуп, ал жерде 2-орунду ээледи. Анда соцбаракчасына “жалгыз кыргыз баласы дүйнөлүк бийчилер мелдешинде 2-орунду ээледи” деп апыртып жазып салды. “Ай, эмнеге антип жаздың?” десем, “Элди кызыктырыш керек да” дейт, ушунусу эми туурабы? Болгону клубдук мелдеште 2-орунду алса, уулун айга-күнгө теңеп жатат. Мен мындайга караманча каршымын.    

-- Учурунда “балалуу бололу” деген оюңар бар беле?

-- Ал төрөбөйт экен. Каалабайт. Ошон үчүн андан кеттим. Меники “боевые патроны”. Мендей эркектин азыркы заманда убактысы көп эмес. Убагында жасап коюш керек. Анан акырын кылдырап жүрө берсең болот... Криминал аркылуу “акчасын алдырам” деди. Мен ага: “Любой криминалыңа духум жетет. Не делай из меня криминала. Мен кыргыздын патриотумун, спортсменимин, дипломатымын” дедим. 

-- “Патриот, спорстмен, дипломат” деп кеттиң. Кыргызга азыркы учурда ушуларыңдын пайдасы тийеби?

-- Ооба, патриотмун. Кыргыз дегенде кан-жанымды аябайм. Кыргыз спортун алдыга жылдыруу үчүн болгон күч аракетимди жумшайм. Дипломат катары дүйнөнү дүңгүрөткөн америкалык мушкер Майк Тайсонду, Сильвестер Сталлонени жана UFCнин чоңу Дэйна Уайтты Кыргызстанга чакырып келип, чоң масштабдагы эл аралык мелдеш өткөрүүгө күчүм келет. Эмнеге болбосун? Кыргыз беш мушкерин, Америка же Мексиканын беш мушкерине чыгарып койсо болот.

-- Ох ата! Бу жагы жомок болуп кетти өңдөнөт...

-- Байке, бул жомок эмес, ишке аша турган нерсе. 

-- Азыр эмне иш менен алексиң, ушуну айтчы?

-- Бишкекте, арендеге кафе алып иштетип атам. Жибек Жолу менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилиши. БЧКга жетпейт, биринчи светофор.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер