Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хюрремдин образын жараткан Мерьем Узерли тууралуу кызыктуу фактылар

Хюрремдин образын жараткан Мерьем Узерли тууралуу кызыктуу фактылар

19-февраль, 14:07
1 939 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мерьем Сахра Узерли 1983-жылы Германияда төрөлгөн. Апасы немец улутунун өкүлү болсо, атасы түрк. Мерьем төрт бир тууган. Эки агасы апасынын биринчи турмушунан болсо, сиңдиси экөө бир атадан төрөлүшкөн. Мерьемдин актрисалык таланты кичинесинен эле байкала баштаган. Беш жашында атасынын досу жетектеген театрда биринчи жолу сахнага чыккан. Балдар катышкан спектаклдерде ар дайым роль жаратчу. Орто мектепти аяктаган соң өзү кыялданган кесипке толугу менен киришүүнү туура көргөн. Жогорку билим алган соң, бир топ жыл театрда иштеген. 

***

Актриса немец кинолорунда көп роль жараткан. Кино талаасында анын тушоосу Германияда кесилген десе да болот. Германияда экинчи пландагы ролдорду көбүрөөк жаратып жүргөн кезде Түркиядан анын курбусунан чакыруу түшөт. Курбусу жаңы долбоор башталып жатканын жана андагы башкы каармандын образы Мерьемге ылайыктуу экенин айткан. Мерьем сунушту четке какпай, кастингге келип, “Даңазалуу доор” телесериалынын башкы каарманы Хюррем Султандын образын жаратууга тандалып алынган. Кызыгы, Мерьем түрк кызы болсо дагы түрк тилин жакшы билчү эмес. Кино жаратуучулар анын бул кемчилигине көз жумуп, баары бир башкы каармандын образын жаратууну сунушташкан. 

***

Сериалдын алгачкы 10 сериясы тартылганда эле көрүүчүлөрдүн сынына коюшкан. Кечээ эле түрк тилин билбеген түрк кызы бир эле күндө Түркияда болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткен. Аны “сулуулуктун эталону, күчтүү айымдын образын жараткан мыкты актриса” деп тааный башташкан. Миңдеген күйөрмандары аны ээн-эркин бастырбай калышкан. Ал тасманын 99-сериясына чейин тартылып, бул аралыкта бүткүл дүйнө элине таанымал актрисага айланган. Сериал 2011-жылдан 2013-жылга чейин тартылып, ийгиликтин туу чокусуна жеткенде Мерьем Берлинге кайтууга аргасыз болгон. Тасма жаратуучулар анын сериалга кайтып келүүсүн суранышкан, бирок шартка байланыштуу актриса кайтып барган эмес. Хюррем Султандын күйөрмандары анын ордуна роль жараткан актриса  Вахиде Перчинге сериалдын акырына чейин көнө албай, абдан кыйналышкан. Сериалдан кетип, келишимди бузганы үчүн актриса көп кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Материалдык чыгымга дуушар болгон. Эмне себептен аны атактуу кылган тасмадан баш тартканы актрисадан бөлөк эч кимге маалым эмес. Журналисттердин мындай суроосуна тынымсыз съемкадан улам ооруп калгандыгын айткан. Ал эми эл ичинде “тасма жаратуучулар Сауд Арабиясына сериалды сатканда актрисага эч кандай гонорар төлөбөй, анын өнөктөшү, Султан Сулеймандын образын жараткан Халит Эргенчке көп суммадагы акча төлөшкөн экен” деген аңыз бар.

Актриса үчүн бул сокку оор болгон. “Түркиядан шашылыш кетип калуусунун бирден-бир себеби, наристесин Германияда, көздөн далдоо өстүрүү болгон” дешет күйөрмандары. 2014-жылдын февраль айында актриса кыздуу болгон. Актриса тууралуу “Фабула-пресс” сайты жазып чыкты.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер