Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Мендей тентек кыздар балансты кармабасак, эртең Афганистан болуп кетебиз”

Назира Айтбекова: “Мендей тентек кыздар балансты кармабасак, эртең Афганистан болуп кетебиз”

11-декабрь, 17:14
10 792 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ түндө эле Фейсбук чырылдап кетти. Эркек-кызы аралаш бир сүрөттү теше тиктеп, дембе-дем ой пикирлерин жаадырып жатып калышты. Ал сүрөт ары кырдуу, сырдуу, баягы ютубер, алпаруучу Назира Айтбекова карындашымдын төмөндөгү көрүнүшү экен. Кыска мөөнөттүн ичинде 1500 лайк чогултуп жиберди. Темасы: “Уят эле уяяяят!” деп аталат. Мындай сүрөттөр америкалык эркектер үчүн Плейбой (Шалун-Тентек) журналынын 1-бетинен орун алып, жарым саатка жетпей жок калмак да. Сүрөт демекчи, ага Назира карындашым текст жазган. Анын баарын бу жерге жазуу кажети барбы? Билбейм. Негизгиси кыш кечиндеги жылаңач денеси... Ошентсе да өзөгү катары эки-үч сүйлөмү төмөндөгүдөй: “Бизде кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн! Кийим кийип алып коррупция кылсаң уят эмес! Кийим кийип алып ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң, уят эмес! Кийим кийип алып каратып туруп калп айтсаң, уят эмес! Кийим кийип алып сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес! Кийим кийип алып элдин, балдарыңардын келечегин 500-1000 сомго саткан уят эмес!.. (уландысы бар)”. Ушундан улам биз Назира айымга учкай собол таштадык.

-- Назира, бул сүрөт шайлоодон кийинки “крик душиби” же биздин турмушту ушундай форматта чагылдыруу керек болдубу? 

-- Негизи сүрөт көптөн бери жүрөт. Биздин мээге ушинтип шокотерапия менен эле жеткирбесе, жетпейт окшойт көп нерсе. Ошон үчүн шокотерапия менен жеткирип атам!

-- Идея кайдан чыкты?

-- Коом коркунучтуу болуп баратат. Биз бараткан жол таштак, караңгы көрүнгөнсүйт. Аны жарык кылыш үчүн маданиятты көтөрүп, билимди тереңдетүү керек. Мендей тентек кыздар балансты кармабасак, эртең Афганистан болуп кетебиз. Мен биздин коомго аябай керектүү адаммын. Азыр түшүнбөй жаткандар кийин түшүнүшөт.

-- Сүрөттү соцтармакка жүктөгөндөн кийин комментарийлерди окуйсуңбу же баары бирби?

-- Комментарийлерди окуганга бу жолу жетишпей калдым. Негизи окуйм жана ар бири менен баарлашып, жооп жазып турам. Анткени, күйөрмандарымдын пикири маанилүү. Бул сүрөттөрдө комментарий миңдеп көбөйүп кетти. Анын ичинде мага дем бергени басымдуу экен. Демек, “күйөрмандарым менин негизги омоктуу ойлорум менен ортоктош турбайбы” деген тыянакка келип отурам. Ошол эле учурда жалгыз мен эле тентек эмес, дагы тентек балдар-кыздар бар экен. Алардын “Назира, бул хайпың жаккан жок” дегендерин окуп үлгүрдүм. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер