Акыркы кабарлар
» Саясат » Көлбаевге топурак салганы барган кырктан ашык бажычы жумуштан алынды
Көлбаевге топурак салганы барган кырктан ашык бажычы жумуштан алынды
19-октябрь, 19:03


Камчыбек Көлбаев атылгандан кийин бажыда иштеген иниси Бакыт Асанбек уулуна көңүл айтып, топурак салганы Чолпон-Ата шаарына кырктан ашык коллегалары барганын укканбыз. Мына ошолорду жогорку жетекчилик жумуштан бошотуп салыптыр. Кеп төркүнү ушул. Ал эми соцтармакта “Көлбаев менен Матраимовго байланышкан 50 бажычы иштен кетти” деп ырдагандар кичине акыл токтотушуп, “декламацияны” туура жаттоо менен обон созушса дурус болмок. Акыры акыйкат чыгат да. Аныгында, Райымбек Матраимовго кандай гана коошпогон сөздөр айтылбасын, ал мекенчил, кайрымдуу, адамгерчилиги жогору инсан катары кала берет.
"Азия Ньюс" гезити











