Афганистанда дүйнөлүк демократия өлдү


Афганистанда бийликти талибдердин басып алышы стандарттуу либералдык демократия улуттук салт жана философиялык түшүнүктөрсүз иштебей турганын ачык көрсөттү.
СССР жана АКШ сыяктуу кубаттуу өлкөлөр афган элине өздөрүнүн идеологиясын орното алышкан эмес. Советтик жоокерлер Афганистандан чыгарылып кеткенден кийин социализм кулады, ал эми америкалык аскерлердин кетиши менен заманбап түрдөгү демократия дагы тыптыйпыл болот.
Мен алдыңкы геосаясаттагы өлкөлөргө «мындан ары мамлекет жана коомду куруудагы өздөрүнүн көз караштарын афган элине таңуулаганды токтоткула» дейт элем. Анткени кайсы бир мамлекеттердин аракетине башка өлкөлөр тоскоол болушат.
Талибанизм либералдык демократиянын ийгиликсиздигинен жаралган. Коом башкарууга көнбөгөн башаламандыкка караганда, тартипти өйдө көрүп баштайт.
Геосаясый “дарквеб” Борбор Азияга туруксуздуктун чоң тобокелчилигин жаратат. Ошондуктан, айрыкча Афганистан менен коңшу өлкөлөр маданият жана ишенимдеги окшоштукту пайдалануу менен жумшак консолидацияланган саясый энергияны биргеликте издеши керек.
Геосаясый шахмат тактасындагы учурдагы кырдаалга жараша биз “цуцванг” абалындабыз, ошондуктан бизди, Борбор Азияда чоң толкундоолор күтөт.
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу
"Азия Ньюс" гезити











