Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова Кудайды оозанып, кимдерге ачууланды?

Самара Каримова Кудайды оозанып, кимдерге ачууланды?

14-февраль, 16:54
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Самара Каримова жеке баракчасы аркылуу кайрылып, интернетте анын атын жамынып, акча иштеп жаткан шылуундарга ачуусун келтирди:

“Урматтуу элди алдап, жаңы аккаунт ачкан, акча топтогон аферисттер соттолуп кетпегиле сураныч! Урматтуу “спонсор болом” деген күйөрмандарым, сураныч, өзүңүздөр деле ойлонуңуздар, кымбат баалуу белектер, машинага кантип демөөрчүлүк 500,1000, 300 сом болсун? Анан дагы бирдик кылып которобу? Сураныч ойлонуңуздар.

Биз али гив оюнума аккаунт ача элекпиз! 19-февраль ачылып, 20-февраль старт алат!
 
Ал эми жаңы аккаунт ачып, алдап, 500,1000 сомдон акча алгандар, Кудайдан корккула! Эч ким көрбөйт, билбейт деген менен Кудайым карап турат! Ага жооп берчү күн келет!

 “Самара гив” деп ачылган аккаунттар көп экен, бирине да ишенбеңиздер! Алдамчылар! Баарыңар жаппасаңар органдарга кайрылып, сүрөтүңөрдү  баракчама чыгарам!  Бүгүн кечки 6га чейин мөөнөт берем! Өчүрбөсөңөр  үйүңөрдүн адреси, телефон номер, дарегиңер баары чыгат! Азыр 21-кылым технологиянын заманы! Орган кызматкерлери көзүн жумуп туруп компьютерден таап коёт!” деген.

Ырчынын чыркырап, мынчалык катуу кайрылуусунун жөнү бар. Себеби, Инстаграм социалдык тармагы учурда бизнестин бир түрүнө айланды. Анда бир эле ырчынын атында ондогон аккаунттар ачылып, бир аз катталуучу топтоп саткан “бизнесмендер” көбөйдү… 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер