Нурлан Насип: “Эркек киши үйдө эс алса, айымдар үйдөн чарчашат экен”
Ырчы Нурлан Насип “мырзалар үйдө биринчи ирет айымдарыбызды бактылуу кылсак гана үй-бүлөдө баардыгы бактылуу боло алышат” деген пикирин билдирди.
“Негизи айымдар бат-бат депрессияга кабылып турушат экен. Анан мисалы, эркек киши үйдө эс алса, айымдар үйдөн чарчашат экен. Муну билдиңиздер беле, мырзалар? Биз, мырзалар үйдөн энергия топтоп, күч топтоп эс алсак, айымдардыкы тескерисинче, үйдөн энергиясы түгөнүп, чарчап, депрессияга кабылышат. Анан уруш каяктан чыгат? Ошондон чыгат. Мырзалар, биз үйдө биринчи ирет айымдарыбызды бактылуу кылсак, ошондо гана үй-бүлөдө баардыгы бактылуу боло алышат! Ал үчүн эмне кылыш керек?
1) Эс алдырыш керек, конокко, курбуларына чыгарып!
2) Эркелетип, мактап турушубуз керек!
3) Кийим-кече алып бериш керек!
4) Үй оокатарына да жардам беришибиз керек, “мен мырзамын” дебестен!
5) Сулуулук салондоруна акча берип, жибериш керек көбүрөөк…” деп Инстаграм баракчасына мырзаларга суроо калтырды.