Назира Айтбекова: “Жолдошумду азыркыга чейин аяйм. “Абересиң” дебейм”
Неме... көрсө, мен эркектерди аябай аяйт экенмин. “Бир нерсе сатып берейинби?” десе эле башымды дароо чайкап, “кереги жок” дей бермей адатым бар. Сатып берип койсо, тим эле банкрот болуп калчудай. Оюмда “акчасы түгөнүп калат”, “убара болот”, “өзүм деле таап алам да” деген нерсе бар. Бул психологияда эмне деп аталат? Билбейм. Балким, энелик инстинктим аяттырып аткандыр. Балким, “алмайдын бермейи бар” деп, бирөөгө карыз болгон жакпайттыр. Балким, ичимдеги аялдык аз болуп аткан чыгар. Балким, өзүмө өлө ишенеттирмин. “Акчаны өзүм деле таба алам” деген бекем ишенич тургандыр. Балким, жөн эле мээси иштечү жерде иштебеген жинди кыздырмын... Кыскасы, "абересиң!" системасы менде бузук.
Жолдошумду азыркыга чейин аяйм. Балама ашыгыраак акча сурап калсам, түгөнүп калчудай сезим менен аяйм да, баардык түйшүгүн өзүм көтөрө берем. Бирок, бир аялдын “эркекке эркелеп, аял канчалык “абересиң” деген сайын ага мотивация пайда болот. Ал дагы иштегиси келет. Көбүрөөк акча тапкысы келет. Шерденет!” дегенин уктум эле. Мунун канчалык чындыгы бар экенин билбейм.
Мырзалар, силерге мындай суроо: Бир айым “абересиң” дегенде кандай сезим болот?
а) эркелеп атканын түшүнөсүз. Бул нерсе жагымдуу. Каалаганын "абересиң".
б) кыйнаган нерсе. "Абересиңге" аллергияңыз бар.
в) сизге бул мотивация.
г) кыздардын баарында "абересиң" системасы бузук болсо жакшы.
Кыздар, бул сезимдер силерде деле барбы, же менде элеби?..
Актриса Назира Айтбекованын Фейсбуктагы баракчасынан алынды