Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Кубик кызын ким аңдый берет? Күнү да, түнү да...

Айпери Кубик кызын ким аңдый берет? Күнү да, түнү да...

02-февраль, 16:15
1 194 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Айпери Кубик кызы Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу. Анын жазгандары көпчүлүк учурда көңүл чордонунда болуп, талкууга жем таштайт.

Ырчы жакында эле жолдошу экөө тоодо лыжа тээп, эс алып жүргөн жеринен сүрөт жүктөп: “Балдарымдын атасы, биздин чакан мамлекетибиздин башчысы, мени колдоп, дем-күч берип турган менин жолдошум! Кандай иш баштабайын дайым колдоп келет. Киного тартылып жаткандагы видеолорума көбү “күйөөсү кызганбайбы, тиги-бу” деп жазыптыр. Ар дайым жанымда. Күндүзүбү, түндөсүбү, таң атпай болсо да жыргап уктоонун ордуна мени менен чогуу жөнөйт. Бирок, чынында өтө кызганчаак! “Себеби, катуу сүйөм да” дейт! Түбөлүккө ушинтип мени көтөрүп эле жүрсөң экен ылайым. Ушундай кызганчаактын тилин тапкан мен да кыйын экенмин. “Ушундай аялды кантип кызганбайт, туурабы?” деп өзүмдү мактап койбоюнбу? Кыскасы, ошо… Аллахыма шүгүрлөр болсун!” деп жазды.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер