Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Бек Борбиев “эл артисти” наамын алганы боюнча: " Сыйлык алганымды бир досумдан уктум”
Бек Борбиев “эл артисти” наамын алганы боюнча: " Сыйлык алганымды бир досумдан уктум”
01-сентябрь, 12:00

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды. Бул боюнча ырчы мырзага куттуктап байланышканыбызда "10 жыл мурда чуркадым эле, бул жолкусунда эч нерсе кылган жокмун" деп төмөнкүлөргө токтолду.
“Түнү менен студияда болдум, 1-2 саат эле болду уктап турганыма. Сыйлык алганымды бир досумдан уктум, куттуктоолордон улам телефонум тынбай жатат. Бул сыйлыкты алуу үчүн 10 жыл мурда документ топтоп чуркадым эле, бирок берилген эмес, кийин дагы 2-3 жыл чуркагам. Бирок бул жолкусунда эч нерсе кылган жокмун, документ дагы берген эмесмин. Чоң рахмат куттуктаганыңар үчүн! Эгемендик күнү менен баарыңыздарды куттуктайм!” дейт Борбиев.