Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

Актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

24-август, 18:35
4 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарына «Даңазалуу доор» теледолбоору боюнча кеңири таанылган түркиялык белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаңы эл аралык долбоорду презентациялоого байланыштуу. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурда Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анжелесте негизделген. Ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери фестивалдын төрагасы.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаңы долбоордун урматына арналган пресс-конференция болуп, жабык сый тамак берилмекчи. Мерьем Узерлиден тышкары белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Мерал Мелика Дюран да келе турганы күтүлүүдө.

Мерьем Узерли 2019-жылы Азиялык эл аралык кинофестивалда калыстар тобунда төрайым болгон. Ал ошондой эле Жан Марк Валле, Сергей Бодров, «Крестный отецтин» продюсери Ал Ради, актриса Люси Лю, Марвелдин бардык фильмдеринин кастинг директору Сара Финн жана башка көптөгөн атактуу кино ишмерлери менен катар уюштуруучу кеңештин курамында. Фестивалдын өнөктөшү – беш жыл катары менен «Алтын Глобус» көрүнүктүү сыйлыгы аземин уюштуруучу чет элдик прессанын голливуддук ассоциациясы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер