Акыркы кабарлар
14:12
» Шоу-Бизнес » Данияр Эрматовдун жубайы Айсалкын кимди тажатты?
Данияр Эрматовдун жубайы Айсалкын кимди тажатты?
28-январь, 17:35


Жакында эле баш кошушкан ырчы Данияр Эрматов менен жубайы Айсалкын Сыдыкова Инстаграм социалдык тармагынын активдүү колдонуучулары. Тоюнда жолтандабастардын көптүгү менен катуу талкууга түшүп, ошондон бери алардын ар бир бөлүшкөн сүрөт, видеолору күйөрмандары тарабынан түрдүү пикирлерди жаратып келет. Айталы дегенибиз, жаштарга бакыт каалап, суктангандардын айрымдары алардын “ачык-айрым” постторунан тажаганын билдиришүүдө.
Бир канча убакыт мурун алар тамашоучулардын бирине өкүл ата, өкүл апа дайындалып, алардын тоюндагы экөөнүн өзүн алып жүрүшү талкуу жараткан. Күйөрмандарынын айрымдары аларга суктанып, бакыт кааласа, кээ бирөөлөр “тажаттыңыр”, “жалгыз сен күйөөгө тийсең да…”, “бир аз токтоо бол...” деген пикирлерин жазышууда.
Aryba.kg











