Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримованын бир тууган эжеси Уулжан Каримова өзбек сериалына тартылууда

Самара Каримованын бир тууган эжеси Уулжан Каримова өзбек сериалына тартылууда

19-июль, 19:07
8 474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын бир тууган эжеси Уулжан Каримова өзбек сериалына тартылууда. Эжеси биринчи жолу тасмада роль жаратып жатканын айткан Самара Каримова акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Учурда Самара айым Өзбекстанда жаңы чыгармаларды жаздыруунун үстүндө иштеп жатат. Андан тышкары, ырчыга көп сериялуу тасмага тартылууга сунуш түшкөн.

“Эс алып, жеке иштерим менен жүргөндүктөн, убактым туура келбей, тасмага тартылуудан баш тарткам. Ордума эжемди сунуштагам. Өзбек тасма жаратуучулары сүйлөшүп, эжемди тартууну чечишиптир. Азыр көп сериялуу тасмага Уулжан Каримова эжем тартылууда, ал үчүн кубанычтамын.

Буга чейин 120 сериялуу Кадырхан тасмасына тартылгам. Өзбекстанда мени сериалдын каарманы катары жакшы таанып калышыптыр, көргөндөр сүрөткө түшөлү” дешсе жагымдуу болот экен.

Буюрса, чектөөлөр алынса, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана башка мамлекеттерде концерт коёюн деген максаттарым бар дейт ырчы.


“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер