Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова менен кайненесинин араздашуусуна калыс пикир жазылды

Назира Айтбекова менен кайненесинин араздашуусуна калыс пикир жазылды

18-январь, 16:34
3 009 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Окурмандар да бирде таңгалып, бирде жек көрүп, атактуулардын турмушуна аралашып кетмейи бар. Соцтармакта Сара Камалова теле алпаруучу Назира Айтбекова тууралуу төмөндөгүдөй пикирин калтырган.

Фейсбукка кирсем Назира Айтбекованын экс-кайненесинин мурунку келинин жамандап, бир топ нерселерди жазганы ар бир тайпада бар экен... Анын сөзүнө караганда, Назира тынбай сайттарга жолдошун жамандап жазып, уулун каралап жаткан имиш... Ошон үчүн Назиранын кандай келин болгону жөнүндө бир далай сөздөрдү айтып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан кези тура... Эл көзүндө жүрө турган чыгармачыл адамды келин кылып алаарыңызды билдиңиз... Демек, гастролдоп кетээрин билгенсиз...
Назира Айтбекованын канча интервьюсун окуп эле жүрөбүз, бирок бир да жолу “жолдошум же кайненем жаман, антет, минтет” деп кайын журтун жамандап, ушактап, каралаганын окуй элекмин же сиздер окудуңуздарбы?!.
Тескерисинче, “күйөөм менен пикирибиз келишпеди, баламдын атасын абдан сыйлайм, биз тынч түрдө ажыраштык” деп жолдошуна бир да чаң тийгизе элек, жамандамак тургай...
Назира чынында кайненеси айткандай жаман келин болсо да, андан бери канча жыл өттү, унчукпай эле койсо болбойбу? Кантсе да кайын журтунун учугун улап, аларга уул төрөп берди... “Байдын токолу болушту самачу” дептир, эми элестеткиле, кайсы келин күйөөсү менен жашап жатып кайненесине: “Мен байга токол болуп тийгим келет” деп айтсын? Акылга сыйбас жорук го...
 Ортолорунда кандай сөз өтпөсүн, аны козгоп эми элге жайып жаткан Роза айымга не десек жарашат?!. “Келин жаман эмес, келген жери жаман” дегендей, Назира жаш, жаңы келин кезинде кайненеси акыл-насаатын айтып, жолго салып, тарбиялап алса болбойт беле? Анте албаса анда неге келинин эми жамандап ызылдайт? Кантсе да канча жыл уулу менен колтукташып басып, бир үй-бүлө болуп жашашкан да... Баарынан да “уулум жоопкерчиликтен качпай баласынын мектептеги кеткен каржысын төлөп жатат” дейт, эми уулу болгон соң бакканы милдеттүү да. Жакшысын ашырып, жаманын жашырып, келини жана небереси менен жылуу мамилесин улантып жүрө берсе болбойбу?”

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер