Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыз-бурактын” солисткасы: “Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин”

“Кыз-бурактын” солисткасы: “Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин”

16-июнь, 12:26
1 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тагдыр кимге кандай сыноо бергенин эч ким билбейт. Легендарлуу Кыз-бурак” тобунун солисткасы, ырчы Замира Кеңеш кызы 19 жылдан бери эки буту баспай калган жолдошу Акылбек Акматалиевди карап, чыгармачылыгын таштоого туура келген.Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин! Мен азыр кетпегеним үчүн бактылуумун дейт ырчы айым.

“Жолдошум кырсыкка кабылып жыгылганда кызым 1 жаштан өткөн болчу. “Бүгүн басат, эртең басат” деп жатып эле 19 жыл өтүп кетти. Негизи баш кошконубузга 23 жыл болду. Балким, мен таштап кетсем, мынчалык бактылуу боло алмак эмесмин. Мен азыр кетпегеним үчүн бактылуумун. Дайыма ар тараптан колдоп, жөлөп турган жолдошум бар. Мен “Кыз-бурактын” 10-курамында эки жыл ырдап калдым. Гүлшайыр Садыбакасова эжем көп колдоду, азыр дагы сурап турат. Күйөөм дагы “ырда” деп дем берип, түшүнөт. Кайын журтум келин эмес, кызындай көрүп сыйлашат. Баарына Кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз” дейт Кеңеш кызы.

super.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер