Рахман Разыковдун жубайы: “Бул жактан таппай чындыкты, Абышка, бейишти көздөй кеттиңби?"
Белгилүү куудул, маркум Рахман Разыковдун жубайы Диля Разыкова жолдошун эскерип, ыр жазып, Фейсбук баракчасына жүктөдү:
“Тал-талдап төгүп көз жашым,
Ыйласам кайра келбейсиң,
Жалдырап карап дагы эле,
Көз алдымдан кетпейсиң.
“Кемпирим өзү билет” деп,
Эркелетчү кишим жок.
Башымды коюп эркелеп,
Жетелешээр кишим жок.
Эртелеп күтүп эшикте,
Жытташар кишим эми жок.
Кантем! Жүрөгүм канайт тилинип,
Ыйлабаска айлам жок.
Сабыр тилеп өзүмө,
Жалбарсам деле пайда жок.
Токтобой калды көз жашым,
Караанын тапсам өзүң жок.
Элесиң кетпейт көзүмдөн,
Жанымда дале жүргөнсүп,
Жүрөктөн кетип, эсим ооп,
Күн-түнү ыйлайм мен өксүп.
Чындыкты айтып чыркырап,
Чындык издеп кеттиңби?
Чындыкты таппай бул жактан,
Абышка, чын дүйнөгө кеттиңби?
Акыйкат издеп чыркырап,
Акыйкатты таппадың.
Акыйкатты табалбай,
Абышка, акыретке кеттиңби?
Чындыгын айтып бетине,
Бийлигине жакпадың.
Артыңдан жүрүп аңдышты,
Абышка, бул жактан акыйкатты таппадың.
Жүрөгүң канап тилинип,
Чыркырап чындык кеттиби?
Чындыгың издеп табалбай,
Абышка, чын дүйнөгө кеттиңби?
Кол жеткис көктө жылдыздай
Көктү көздөй кеттиңби?..
Көрүнбөй калды карааның,
Абышка, көөдөнүң толбой кеттиңби?
Кыйкырган көөдөн кыйкырык,
Үнүңдү эч ким укпады.
Чарчаган жаның чыркырап,
Абышка, эми кантип тынч алды?..
Үнүңдү угар Жараткан,
Өз койнуна алдыбы?
Чымындай жаның тынч алып,
Абышка, чындыкты издеп таптыңбы?
Бейишиң болсун, абышка!
Кантем! “Кош” дебеске айлам жок,
Көзүмдүн жашы кургабайт,
Курандан башка амал жок.
Бетине айтып жакпастан
Бел ашып ары кеттиңби?
Бул жактан таппай чындыкты,
Абышка, бейишти көздөй кеттинби?” деп жазды.