Карызга баткан Филипп Киркоров квартирасын сатыкка койду


Россиянын белгилүү эстрада ырчысы Филипп Киркоров ABLV Bank банкынан алган кредитин убагында төлөй албай, батирин сатууга аргасыз болду. Бул тууралуу Таган райондук соту чечим чыгарды.
Сот ырчынын "Филипп Киркоров Продакшн" студиясынын 779 миң евро (54 миллион рубль) карызы бар экенин, андан сырткары үстөк пайыздын өсүп кеткени 4,3 миллион еврого чейин жеткенин (230 миллион рубль) маалымдады.
Ырчынын квартирасын 193 миллион рублга баалашып, андан тышкары үй-тиричилигиндеги техникалар, эмеректерин да кошту.
Ал эми Киркоровдун адвокаты Александр Добровинский РЕН ТВга берген маегинде ырчыны актоого аракет жасады:
“Чындыгында Филипп Бедросовичтин банктан алган кредити бар. Убагында эле төлөп турганбыз, бирок эки жыл мурун банк жабылып калган. Биз акчаны кайда котороорду билбей калдык, ал эми банкта кредитти үчүнчү жакка которуу боюнча айтышты, биз которгон жокпуз, анткени, ал кооптуу болчу” деди.
Филипп Киркоровдун квартирасы арестке алынып, сатыкка коюлду.
Ырчынын жактоочусу бул боюнча апелляция жазаарын жана Филипптин квартирасы өзүндө эле калаарын белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Филипп Киркоровдун гонорары жүз миллион рублден ашканы жазылган. Ал көпчүлүк каражатты ар кандай корпоративдерге барып, ырдап табаары белгилүү.
Белгилүү Forbes журналы Киркоровдун кирешесин эсептеп чыгып, ал акыркы жылдары 596 миллион рубль тапканын жазып чыккан. Ырчынын Dolce & Gabbana фирмасынан алган курткасы эле 1,9 миллион рубль турат, ал эми ырчынын башка кийимдеринин баасы миллиардга чукул рублди түзөт.










