Нургүл Чолпонбаева: “Өнөкөт оорулары бар жакын адамыңыздарды сактаңыздар”
-- Ковидден кутулган жерибиз жок, ар бир күнү өлүмдөр катталууда. Дарыгер катары азыркы абал тууралуу ой бөлүшсөңүз?
-- Менин дарыгер катары айтарым, сиз айткандай, көпчүлүккө чогулуудан, той-топур, шаан-шөкөттөн оолак болгонуңар оң. Мурдагыдай эле колду тез-тезден таза жууп, аралыкты сактап, дарттан алыс бололу. Ковидге чалдыккан жалаң оор абалдагы бейтаптар бизге түшөт. Көбү өнөкөт оорулары барлар, жашы өтүп калган аталар, апалар. Өнөкөт оорулары барларга ковид айрыкча коркунучтуу. Ошон үчүн ден соолукту убагында жакшы көзөмөлдөп, тамакты витаминдүү ичип, салмакты да карап турган оң. Спорт менен машыгып, ар убак кыймылда болуп, витаминдүү тамактануу зарыл. Себеби, дартты кабыл алса дагы жеңил форма менен жеңип кетишет. Иммунитет жакшы болсо, дартты жеңүү жеңилирээк. Андыктан, баардык айтылган кеңештерди аткаруу шарт. Жогоруда белгилегендей эле өнөкөт оорулары бар жакын адамыңыздарды сактаңыздар. Вакцина сайдырыңыздар. Дарыгер катары баардык окурмандарды, элди вакцина сайдырууга чакырам.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити