Адам өлтүрүүгө шектүү кылмышкер издөөдө (фото)


Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкектеги үйлөрдүн биринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылып, кылмышка шектүү адам издөөгө алынган эле.
Жай мезгилинде Бишкектеги турак үйдөн табылган жаранды өлтүрүүгө тиешеси бар адамдын ким экени эми гана белгилүү болуп, ага милиция издөө жарыялады.
Адам өлтүрүүгө шектелип, Чүй облусундагы Кемин шаарынын 1980-жылы туулган тургуну — Абдысариев Улан Жумабекович изделип жатат.
6-августта 20:55 чамасында Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Краснознамен көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, бычактан жаракат алган адамдын жансыз денесин табышкан. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1981-жылы туулган М.К. экени такталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, издөөгө алынды.
Адам өлтүрүүгө шектүү Абдысариев Улан Жумабековичтин жүргөн жерин билгендер (0708) 080-808, (0703) 932-092, (0555) 102-898 телефон номурлары жана 102 кызматы аркылуу милицияга кабарласа болот.











