Жеңесин кызганып, муунтуп, сабаган эркек жазасын алды


Жакында Баткен облусунун Лейлек райондук соту жеңесин сабаган Усуптун кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.
Усуп 1981-жылы Лейлек районунда туулган, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мурун сот жообуна тартылган эмес.
2019-жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Лейлек районунун Бешкент айыл аймагындагы айылдардын биринде Усуп жеңеси Алияны «сен бузулуп кеткенсиң, башка эркектер менен жүрөсүң» деп айтып, ашканага сүйрөп кирген. Андан соң муунтуп, колу менен оозун жаап, зомбулук аракеттерди көрсөткөн. Анын кесепетинен Алиянын ден соолугуна зыян келтирилген.
Ал эми айыпталуучу сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, жабырлануучу Алия анын бир тууган агасынын келинчеги болорун билдирди. 2019-жылдын 15-июнь күнү түштөн кийин жеңесинин жанына барып, «башка эркектер менен жүрөт экенсиз. Үйдөн чыгып кет. Өзүңүз чыгып кетесизби же сүйрөп чыгарайынбы?» деп ашканага колунан сүйрөп алып киргенин айтты. Ал жерден жеңесине «эгер андай иш кылбасаң, Куранды алып келем. Ошону кармайсың» деп, китеп алууга кеткен. Бирок жеңеси аны күтпөй кетип калган. Айыпталуучу соттон Алияны урбагандыгын, сөкпөгөндүгүн айтып, жеңил жаза берүүнү суранды.
Ал эми жабырлануучу Алия кайниси Усуп 2019-жылдын 15-июнь күнү саат 18:00 чамасында келип, уят сөздөр менен сөгүп, желкесинен кармап жулкулдатканын айтты. Усуп аны ашканага сүйрөп киргизип, жерге башын сүздүрүп, муунтканын билдирди. Ошондо Алия үч жолу келме келтирип, бакырып жибергенде Усуп аны коё берип сыртка чыгып кеткен. Андан кийин жабырлануучу башы ооругандыктан атасынын үйүнө барган. Бирок ден соолугу туруктуу болбогондуктан Исфана шаарына барып, ооруканага жаткан. Ал жерде 10 күн дарыланган. Алия соттон айыпталуучуну мыйзам чегинде жазалоону суранды.
Жыйынтыгында сот Усупту күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтүн 300 өлчөмүндөгү (30 000 сом) айып пул салды.
Aryba.kg











