Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 1,1 кг героин, 13 жыл мөөнөт. Сот сатылабы? Эмирлан Зарылбек уулунун аракети

1,1 кг героин, 13 жыл мөөнөт. Сот сатылабы? Эмирлан Зарылбек уулунун аракети

23-март, 12:00
1 627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ириде орган кызматкерлери, жетекчилери, алардын жакын туугандары таза, жипке тизген шурудай ырааттуу болушу керек. Тилекке каршы, бизде ашмалтайы чыккан көрүнүштөр бар. Мындай шартта эмнеге карап турабыз? Тазалануу зарыл. Абийири жокторду адилеттүү чечим менен четке сүрүү учурдун талабы.

“Карышкырга кой кайтарткан замана” дейт. Октябрь РИИБ начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууган иниси Э.З. өтө оор кылмышка айыпталып, күнөөсү далилденип, 13 жылга күчөтүлгөн тартипте соттолгон. УКМК тарабынан 1,1 кг героин менен кармалганын эскертип коёлу. Моралдык, мыйзамдык жагынан алганда, осол көрүнүш жаралып, этикага сыйбай калды. Бир тууганы өтө оор кылмыш менен түрмөдө жатса, Эмирлан Зарылбек уулу Октябрь РИИБни жетектеп отурат. Коомчулук астында тескери үлгү да, туурабы? Коопсуздукту, тартипти кантип талап кылат? Бетке чиркөө иш болуп атпайбы! Жалпы милициянын беделине сөз тийүүдө... Анан калса, Эмирлан Зарылбек уулу инисин Чүй облустук сотунан чыгарып алуунун айла-амалдарын кылып, жанталашып жатканы айтылууда. Азыркы учурда сотторду сатып алуу кеп бекен? Паракорчулук, коррупция күчөп турган кези го? Мындай шартта УКМК көзөмөлгө алабы? 1,1 кг героин менен кармалган адам акталып, агасынын арты менен абактан чыгып кетсе кантесиңер? Ошондо УКМКны да көзгө илбей калышабы? Көрө жаталы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер