Сүрөтү чыккан эки сойку асылып өлгөнү айтылууда, чынбы? Токтоналиев кайдыгер...


УКМК притондорго текшерүү жүргүзүп, сойкуларды кармап, сүрөттөрүн ачык жарыялаган. Бир чети коомчулукка, жалпы кыздарга сабак болуусун ойлошсо керек. Алар кандай тагдырлардан улам жаза басышты экен? Аргасыздыкпы, же жеңил ойлуулуктан келип чыкканбы? Кандай болгон күндө да, өтө уят көрүнүш...
Айрым орган кызмакерлеринин айтымында, сүрөттөрү жарыяланган кыздардын ичинен экөө өз жандарын кыйышканы чынбы? Бул боюнча тар чөйрөдө айтылып, ачык булактарга жарыяланган жок. Негизи сойкуларды тизгиндөө, алардын аракеттерине бөгөт коюу, таалим-тарбиялык усулдарды жүргүзүү милиция кызматкерлеринин иши эле. Тилекке каршы, эң көп притондор жайгашкан борбор калаабызда бул жагынан кайдыгерлик күч. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев милдетин тийешелүү деңгээлде аткара албай, жеке чөнтөгүн толтуруу менен алекпи? Калыстык үчүн карагыла, бул жетекчинин чеке жылытчу иши жок. Кызматты кор кылып отурат. Токтоналиевдин тушунда кол астындагы милициялар пара менен байма-бай кармалышып, УКМК тарабынан камакка алынып келгени көнүмүшкө айланды. Мындай жагдайда ал чычкандай болуп бүрүшүп, кабинетинде корголоп отурат...
"Азия Ньюс" гезити











