7 айда каза тапкан 464 адамдын убалын кантебиз? Козукеевдин бети кызарбайт экен...


“Мактаган кыз тойдо осурат” деген лакап бар. Анын сыңарындай, Азенбек Козукеевди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына сүрөп, чоң үмүт менен дайындашкан. Тилекке каршы, ашмалтайы чыгып отурат. Керек болсо, согушуп жаткан өлкөлөрдө да мынчалык адамдар өлбөйт эмеспи. Мисалы, 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза тапкан. Бул жети айдагы көрсөткүч. Улуттук статистика комитети ушундай билдирүү таратты. Начальник Азенбек Козукеев көйгөйдү чечүүнү билбесе, орун басарларынын аркасынан күн өткөрүп, алардын иштегенине эрмешип алып жүрсө, ийгилик жаратмак беле? Өзү деле ойлонбойбу? “Колуман келбей калды, жарандардын азабына калбайын, өздүк курам деле сырымды билип бүттү, кетейин!” деп эркекче чечим чыгарып, баса бербейби? Көпчүлүк нааразы болууда. Береги 464 адамдын убалын кантебиз? Козукеевдин бети кызарбайт экен...











