Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Кожобеков баалуу мурасты жок кылганы үчүн Ташиев камайбы?

Ректор Кожобеков баалуу мурасты жок кылганы үчүн Ташиев камайбы?

13-июнь, 09:00
10 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн санда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кыргыз элинин дүйнөлүк маданиятка кошкон чоң салымы, миң жылдан бери келаткан руханий мурасы болгон “Манас” эпосун окутпайбыз” деп университеттин окуу планынан алдырып салганын, улуу эпоско карата “Манасыңды урганым жок” деген дөгүрсүгөн мамилесин жазганбыз. “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамдын автору, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрлик тарабынан бекитилген билим стандартында ЖОЖдордо милдеттүү окутула турган Манас таануу дисциплинасын ректор Кудайберди Кожобеков өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, алып салганын териштирип, баасын бериши абзел. 

Ал ал болду. Соке сүйрөп жүрүп чоңойтуп, 2017-жылы адегенде министрдин орун басары, андан кийин 2019-жылы жакшы иштеп жаткан кезинде раматылык Каныбек Исаковду чоңойтумуш болуп, ректорлук орунду бошотуп, ушул К.Кожобековго тартып берген жайы бар. “Тоосу бийик кийиктин көзү кызыл” дегендей, жалаң тааныштык менен көтөрүлгөн, билими тайкы бул ректордун дагы бир кыңыр ишинин изи сууй элек. Ага да билим берүү жана илим министрлиги тарабынан баа берилбей келатат. Буга чейин экс-министр Улан Мамбетакуновдун тилин таап, оозун майлап, бул иш каралбай келген. 

 ХХI кылымда ОшМУну Кыргызстанды бүткүл дүйнө шылдың кыла турган абалда калтырып, уят кылып, дүңгүрөгөн окуяга кириптер кылды. Бул балким Афганистанда талибдер жасаган иш болсо, көп деле көңүл бурулмак эмес. ОшМУнун китепканасынын негизги фондун түзгөн 150 миң китеп, же 29 тонна окуу китептери, окуу куралдары, көркөм адабият жана башка илимий басылмалар “бактерия табылды” деген шылтоо менен макулатурага өткөрүлгөн. Вандализм жыттанган бул иштер, албетте, ректор Кудайберди Кожобековдун жетекчилиги менен жүргүзүлүп жатат да. Эгер чындап эле бактерия табылган учурда да университеттин китеп сактоочу жайларын антисанитариялык абалга жеткирген, китеп сактоо нормаларынын бузулушуна жол берген ректорго эмне үчүн чара көрүлбөйт? ОшМУнун окуу-методикалык базасын өз колу менен талкалап жаткан шалаакы ректордун иши каралабы, же аны мурдагыдай эле “Акылбек Жапаровдун кеңешчиси” деген күбөлүгүн көрүнгөн жерге көтөрө чуркап жүргөн жердеши Нурлан Сулайманов ортого түшүп, камырдан кыл сууругандай, “ак болчу, таза эле” деп куткарып калабы? 

К.Кожобеков макулатурага өткөрүп жиберген “Чоң Алай районунун энциклопедиясы” Флоренциядагы Италиянын мамлекеттик китепканасында 15 млн. китеп, 11 миң кол жазма, 2500 папирус менен бирге көздүн карегиндей сакталып турганын көрүп келгендер айтып жатышат. 500 жылдык тарыхы, 7 млн. фонду бар Кембридж университетинин китепканасында 500 жылдан бери Гутенберг басып чыгарган Библия, Дарвиндин каттары, Исаак Ньютондун кол жазмалары күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. 600 жылдык тарыхы бар, 30 миллион фонду бар Франциянын улуттук китепканасына Сорбоннанын студенттери күн сайын кезек күтүп кирип, лекция, семинардан алган билимин ошол билим храмынан бышыктап, толукташат. Ал эми окуу китеби жок калган ОшМУнун студенттери билимди базардан алып бышыкташабы? Жабыркаган китептерден оңой кутулуунун амалын издеген ректор муну ойлоду бекен?

 50-60 жылдан бери ОшМУнун мурдагы жетекчилери кашыктап чогулткан китепкананын фондун китептин баркын билбеген ректор Кудайберди Кожобеков чөмүчтөп чачып (мунун артында коммерциялык кызыкчылык да болушу мүмкүн), макулатурага айландырганы кылдат териштирилип, бул кыянаттык ишке административдик жагынан, укуктук жагынан да баа берилбесе, билим берүү жана илим министрлигин ректор Кудайберди Кожобеков толугу менен сатып алган деп эсептей берсе болот. Буга чейинки министрлер Б.Купешов, А.Бейшеналиев, У.Мамбетакуновдор аны канатына калкалап келгенин эске алсак, анда билим берүү жана илим министрлиги ректор Кудайберди Кожобековдун “чөнтөк” министрлигине айланганбы?

 Кыскасы, министрлерди башынан “калчап” келген Кудайберди Кожобековго УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү кийлигишип, архивдик баалуу китептерди жок кылганы үчүн жазалоого барат (!) деп ишене туралы.


Элдос Бакбергенов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер