Ниязалиева добуш сатып алууга шектелип атса, күч органдары карабайбы?


Таңгаласың да. Башынан саясатта булганыч, сатып кетүүнү өнөр туткан адам оңолмок беле? Убагында Алмазбек Атамбаевдин арты менен депутат, министр, вице-премьер болгон Дамира Ниязалиевага коомчулук көп жагынан нааразы. Жогорку кызматтарды аркалап, эл үчүн эмне кылган? Эсибизде жок. Эгерде эмгеги болсо, кичи мекени Жумгалдан 2021-жылы депутат болмок да. Өзүнүн шайлоочулары колдобой коюшканы факт!
Эми “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, кайрадан эл кыдырып, самсаалап жүрөт. Уят да! Натыйжада, бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан добуш сатып алуу башталганы, укук коргоо органдары тыкыр иштебей, көңүл коштукка ыктаганын талапкер Таалайкүл Айдаралиева айтып чыкты. Анын билдирүүсүнө тийешелүү органдар баа беришип, текшерүү жүргүзүшү керек. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Анын сыңарындай, Дамира Ниязалиевага көпчүлүк талапкерлер нааразы болуп жатышканы, натыйжада, мыйзамсыз жүрүштөр башталганы ырасталабы? Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке шайлоону таза өткөрүү боюнча талабын эске салалы. Жерде калбайбы? Мындай жагдайда Дамира Ниязалиева президенттик администрацияга таянып, курултайдын төрагасына орун басар экенин бетке кармап, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевден колдоо тапканын, айтор, баш айлантууга өткөнүн кантебиз? ИИМ, УКМК шайлоого тыкыр көз салып, мыйзам бузууларды коомчулукка алып чыгышы керек. Эл карап турат. Качанкыга чейин Ниязалиева акчасына таянуу менен билгенин кыла берет?
Кыскасы, Дамира Ниязалиева шайлоодо өтпөй каларын алдыртан сезип, добуш сатып алууга ашыкса, бул жагынан шек кетип атса, тийешелүү укук коргоо органдары кармашабы? Күтө туралы.










