Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Таластагы убактылуу кармоочу жайда 28 жаштагы жаран футболкасына асынып алды
Таластагы убактылуу кармоочу жайда 28 жаштагы жаран футболкасына асынып алды
31-октябрь, 17:33

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторунда кылмышка шектелип отурган жаран асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалым болгондой, окуя бүгүн, 31-октябрда саат 13:30 чамаларында болгон. "Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин жана 122-беренеси (“Киши өлтүрүүгө аракет жасоо”) менен шектүү болуп кармалган Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Р.У. камерада өзүн кийип жүргөн футболкасына асынып каза болгон. Нөөмөткер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган. ОИИБнин ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшеришти. Аталган факты Талас ОИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат" деп билдиришти милициядан.










