Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамирбек Исаков токтоосуз түрдө кызматынан кетеби? Бүт дүйнөгө уят кылды...

Дамирбек Исаков токтоосуз түрдө кызматынан кетеби? Бүт дүйнөгө уят кылды...

26-май, 14:39
1 353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ош шаарындагы обменкадагы окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Кылмышкер бейкүнөө адамды былчылдата бычактап атса, формачандар жалт бере үркүшүп, качып жүргөн видео соцтармакка тарады. Мына, милициянын кейпи! Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков курсагын кучак кылып, ынтыга басалбай жүрсө, анан кол алдындагылары кыйратабы? Бул эргул Чүйдөн иштей албай сөгүш алып кеткен эле. Бирок Ошко барганы да жарытпай, өздүк курамынан кылмышка кириптер болгондор арбып, УКМКга чекесинен кармалып келишкен...

     Натыйжада, обменкадагы каргашалуу окуя боюнча Дамирбек Исаковдун жоопкерчилигин карап, кызматтан алууга негиз түзүлүп турат го? Эмнеге милиция өз убагында жардамга келген эмес? Анан кечигип келишип, бирок ошондо да ичкери кире алышпай, качышып, бүт дүйнөгө уят болдук да, туурабы? Мындай көрүнүштөн соң, начальник Дамирбек Исаков токтоосуз түрдө кызматынан кетпейби? 

     Аталган окуя боюнча ИИМ калыс иликтөө жүргүзүшү зарыл. “Абалардын кадры” деп эле көрмөксөнгө салуу жарабас. Бүтүндөй милицияны уят кылганын кантебиз? 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер