Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Камчы Көлбаевдин байлыктарын “Грудак” тейлегенби?
Камчы Көлбаевдин байлыктарын “Грудак” тейлегенби?
21-февраль, 18:48


УКМКдагы “Грудак” каймана атындагы жетекчинин коррупцияга айыпталып камалганын ЖМКлар жазып чыгышты. Бул жагынан чаташуу кеткен жокпу? Айрым оперлердин айтымында, “Грудак” кармалбай эле УКМКнын Чүй облустук башкармалыгында орун басар болуп отурганы каңкууланды. Эске салсак, Камчы Көлбаевди атып өлтүрүшкөндөн кийин, анын байлыктары, мүлктөрү боюнча көшөгө артынан ушул иштегенби? УКМК жетекчилеринин карамагынан Камчы Көлбаевге тийешелүү кымбат баалуу автоунаалар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн чыгып атканын кантебиз? “Ууруну каракчы тонойт” дечү беле? Көп эле окуялар бүдөмүк бойдон калууда. Эл билиши керек да.
Натыйжада, “Грудак” боюнча тийешелүү мекемелер так маалымат берип коюшабы? Ал кармалдыбы, же жашынып отурабы?











