Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жибектин өлүмү боюнча Тилек Тюкебаевдин жоопкерчилиги каралышы керек

Жибектин өлүмү боюнча Тилек Тюкебаевдин жоопкерчилиги каралышы керек

12-январь, 02:09
2 713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөсү атып өлтүргөн Жибектин иши боюнча Свердлов РИИБнин эки кызматкери өткөн айда кармалышкан. Учурда тергөөнү УКМК жүргүзүп жатканы белгилүү. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча милиция тарабынан шалаакылык орун алганы, каргашалуу окуяга убагында чара колдонулбаганы үчүн катардагы кызматкерлер камалышып, шорлоп отурушат. Ал эми Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев жеңил пиар менен алектенип эле калган, аягы эмне болгонун көрдүк. Негизи өздүк курамдын кыймыл-аракетине жетекчиси жоопкер да. Башкаруу начарлап, тыкыр көзөмөл жасалбаса, анан кайдыгерликтин айынан аянычтуу оор жоготууга жол берилгенин көрдүк. Бул боюнча УКМКнын тараткан билдирүүсү негиз түзүүдө. Ток этерине келсек, чоң дүрбөлөңдөн кийин Тилек Тюкебаев кызматтан алынышы керек эле. Бул эргулдун айынан жогорку жетекчиликтерге чейин, мисалы, профессионал Азамат Токтоналиевге да сөз тийүүдө. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дечү беле? Адатта ИИМдин алгы иштерине ушундай Тюкебаев сымалдардын да кедери тийип атат. Демек, баа берүү керек! 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер