Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башкаларга салыштырмалуу Кашкар Жунушалиевди оор жаза күтөбү?

Башкаларга салыштырмалуу Кашкар Жунушалиевди оор жаза күтөбү?

26-август, 00:56
7 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш, Октябрь окуяларында Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевдин канчалык кылмыш кылышканы айтылып да, жазылып да келатат. Бирок калкаланып, жоопкерчилик тартыша элек. Жүздөгөн, миңдеген адамдарды азапка салышканы маалым. Эртеби-кечпи, акыры үчөө оор беренелер менен соттолушарын эскертип коёлу. 

Булардын “ишмердиктерин” салыштырып караганда, мурдагы ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев коомдук коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөөдө чоң катачылыктарга жол берген. Кой-Таш окуясында бир жактуу репрессиялоо, элди сабоо менен нааразычылыктарды жараткан эле. Андагы Чүй ОИИБ башчысы Самат Курманкуловду эч кандай даярдыксыз башаламан топко жиберип, аягы убалына калды. Өкүнүчтүү. Ошондо эки тараптан тең жаракат алгандар арбып кеткен. Соңунда бирөөсү жан берип, далай ызы-чуу жаралды. Айтор, агездеги бийликтин зөөкүрлүгү, алдыны көрө билбеген сокурлугу элибизге эбегейсиз кедергисин тийгизген.

Октябрь төңкөрүшүндө Кашкар Жунушалиев элди сабатып, аткылап, аягы Үмүт аттуу чырактай жаш бала шейит кеткени эсибизде. Эмнеге жоопкерчилигин тартпай келет? Анан калса, түнкүсүн аянттагы көпчүлүккө, башаламандыкка милициянын өздүк курамын Кашкар Жунушалиев таштап салып качып кеткен. Ошол бойдон из жашырып жүрөт. Ушул да генералбы?

Ооба, бул көрүнүштөр боюнча Сооронбай Жээнбеков менен Орозбек Опумбаев да жоопко тартылышы шарт. Бирок Кашкар Жунушалиевдин беренеси алардыкынан да оор караларын эскертели. Мамлекеттүүлүктүн алкагында оңбогондой кылмыштарды жасап коюшуп, натыйжада, жыргап жашап жатышканы кайсы абийирге сыят? Бир убак келет, өткөн окуяларга баа берилет, айыптуулар катаал жаза алышары калетсиз.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер