Экс-судья Эмил Мамытов киши өлтүрүүгө буйрук бергенби?


Былтыр ИИМ тарабынан Бишкекте буюртма менен киши өлтүрүүгө шектелгендер кармалып, кооптуу кылмышка жол берилбей алдын алынган. Эң кызыгы, бизнес өнөктөшүн өлтүртүүгө буйрук берген адам – Аскер сотунун жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун мурдагы судьясы Эмилбек Мамытов катары ЖМКларга чыккан эле. Акчаны (киллер катары тартылган) милиция кызматкерлерине Мамытовдун уулу Эмилбеков Мырзабек бергенби? Ошентип, ата-бала буюртма аркылуу мурдагы бизнес өнөктөшүнүн көзүн тазалоо аракетин көрүшкөнү айтылып, коомчулукта талкуу жаралган...
Маалыматта так кесе берилип атса, бирок биз бул жагын коңгуроо катары кагалы. Буюртмачы экс-судья Эмил Мамытов “өлтүрүү кырсык сыяктуу көрүнүшү керек” деген шарт коюп, фото-видео далилдерди талап кылганбы? “Иш бүткөндөн кийин аткаруучуга 30 миң доллар төлөнөт” деп экс-судья Мамытов киллер менен макулдашканбы? Акыры милиция кызматкерлери өлтүрүү көрүнүшүн жасалма түрдө уюштурушуп, сүрөт жана видео далилдерди жөнөтүшкөнбү? Фотоотчеттон кийин буюртмачы акчаны төлөп бергенби? Буюртмачы Мамытовдун уулу Эмилбеков Мырзабек киши өлтүрүүгө даярдык көрүүгө жана “өлтүрүүдөн” кийин аткаруучуга банкомат аркылуу эки жолу акча которуп бергени ыраспы?
Аныгында, айрым жабык маалыматтарды биз атайын суроо иретинде жолдоп турган кербезибиз. Себеби, кыңыр иштер акыры ачыкталышы шарт.
Белгилей кетсек, колонияда жаза өтөп жаткан эркек киши мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрүүгө аракет кылып, аткаруучуларды издеп жүргөнү маалым болуп, “операцияны жүргүзүү” акыр-аягына чейин милициянын көзөмөлүндө экени кабарланган.
Экс-судья Эмил Мамытов 112 миллион 769 миң 141 сом зыяндын ордун толтурбагандыгы үчүн 2023-жылдын январында “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жаңы мөөнөткө соттолуп, жазасын абакта өтөп жаткан.
Азыркы учурда бул иш боюнча сот процесси Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жүрүп жатат.

"Азия Ньюс" гезити











