Келиндер өлүмү же жыл санап күч алган зордук-зомбулук


Баткен шаарында үрөй учурган окуя болгондугу тууралуу буга чейин маалымат тараган. Анда 31 жаштагы жергиликтүү тургун өзүнүн 26 жаштагы аялын, үч баласынын энесин токмоктоп, ал келин алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган. Аялдын денесин кароо маалында доктурлар андан көгаланын, күйүктүн издерин аныкташкан. Кийинчерээк келинчегин сабаган зөөкүр эки айга камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин белгисиз болуп келген бул мыкаачынын сүрөтү бүгүн социалдык тармактарга тарап, кайра кызуу талкуу күч алды.
Жыл санап мындай запкы көргөндөрдүн, өлүмдөрдүн саны азайбай, көбөйүп бара жатат. 2018-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 8730 адам кайрылган. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматта жардам сурап кайрылгандардын 78 пайызы аялдар экени айтылат. Жапа чеккендер кризистик борборлорго, аксакалдар сотуна жана башка адистештирилген мекемелерге арызданышкан.
Ал эми ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, беш жыл аралыгында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин саны 3,5 эсе өскөн. Алсак, 2014-жылы 2619 адам кайрылса, 2018-жылы 7178 адам үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого алынган. Мындан сырткары, беш жылдын ичинде кылмыш ишин кароо жана сотко жиберүү боюнча фактылар 1,5 эсеге өскөн. Дагы беш-он жылдан кийин бул көрсөткүч дагы канча миңди көрсөтөт?..
“Жүрөгүндөгүнү эч кимге айта албаган кыздарыбыз абдан көп. Алар сырын айтып төгүлгөндө, жандүйнөң менен берилип, энелик мээримиңди бергиң келет. Энелик мээримиңди төгөйүн десең, улуу курактагы аялдар дагы кайрылышат. Балдары ичип алгандар бар. Күйөөсү ичип кеткендер бар. Нанга зар болгондор, кредит алып карызга батып калгандар “бул туңгуюктан кантип чыгам?” деп жол издешип, таба алышпай бизге кайрылышат. Күн сайын алардын көйгөйүн угасың. Алар ошол болгон сырын айтуу менен бирге ичиндеги толгон терс энергияларын чыгарышат. Алар айтып бүткөндөн кийин “бекер эле ыйлап жатасың, андай жол менен эмес, мындай жол менен кетсең болмок” деген кеңешиңди бересиң. Алар ошого ишенип, “мен бул жолдон чыгып кетет экенмин” деген ишенич менен өздөрү эле аракеттенип жатып, ал жолдон чыгып кетишет. Көп нерсе көкүрөктөгү ишеничтен. Ар биринин айткандарын угуп, туура багыт бергенге аракет жасайм” деп эки-үч жыл мурун маектешим, “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова эженин айтканы бар. Андыктан, ар бир айым өзүн колго алып, ийгиликти көздөй аттанышына тилектешмин.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити











