Айтурган Темирова: “Биз чогуу жашабасак деле оюбузда бирге болдук”

Белгилүү актриса “Спутникке” Болот Шамшиев тууралуу эскерүүсүн айткан. “Албетте, жоготуу оор болду. Ал киши менин тунгуч режиссерум, мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы эле. Болоттун ооруп жатканын угуп, Чехиядан учуп келдим. Бирок мен келген учурда жандандыруу бөлүмүндө экен, сүйлөшө албай калдык. Ошол боюнча үзүлүп кетти. Ооруканага барганда колунан кармап, өзүмдү токтото албай ыйлап жибердим. Үч күн катуу кайгырып, экөөбүз баштан өткөргөн баардык күндөрдү эстедим. Биз чогуу жашабасак деле оюбузда бирге болдук. Ал-жайыбызды билип, бала-чакабызды сурап, байланышып турчубуз. Майрамдарда жолугушуп, ал аялы менен мен Павел менен бир чоң үй-бүлөдөй отурчубуз. Мен негизи эле Болоттун баардык аялдары менен жакшы мамиледе болгом. Азыркы жубайына ыраазымын. Жакшынакай бир кыз, эки уул төрөп берип, өмүрүнүн акырына чейин жанында болду. Анын балдарынан Шамшиевдей режиссер чыгарынан үмүт чоң”.
Aryba.kg