Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биз үчүн улуу орус улутун жана мамлекетин кайсы эл менен салыштырууга болот?

Биз үчүн улуу орус улутун жана мамлекетин кайсы эл менен салыштырууга болот?

04-март, 19:30
411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Садыр Нургожоевич! 

Өткөн тарыхый окуяларыбызга бир аз сереп салсак, “аркалык кыргыздардын баш бийи аталган Атаке Тынай уулунун кыргыз урууларынын башын бириктирүүгө жасаган далалатынан майнап чыкпай, орус мамлекети менен карым-катнаш, соода-сатык, коргонуу иштерин жүргүзүү аракетинде алгачкылардан болуп орус тилинде эркин сүйлөгөн Абдракман Кучак уулу 1785-жылдын 29-декабрында Санкт-Петербург шаарына жеткен. Элчини орус падышасы жылуу кабыл алып, Абдракманга жана жанжигитине алтын чынжырлуу чөнтөк саат, Атакеге 800, элчиге 100 сом күмүш акча жана баалуу белектер тапшырылат. Князь А.А.Вяземский тапшырманы орундатып, Екатерина IIнин атынан Атаке бийге кат жолдоп, “Аксарай” тараптан толук колдоо тапканын сүйүнчүлөйт. 

1818-жылы жана экинчи жолу 1844-жылы ысык-көлдүк кыргыздардын атынан Россия империясынын карамагына өтүүгө ынтызарлыгын билгизип, элчилерин кайталап жиберишкен. 1855-жылы 17-январда Омск шаарында Россия мамлекетине кошулуу үчүн бир тууган бугу-сарыбагыш кыргынынан тажаган бугу, кыдык, саяк урууларынын он миң түтүндөн турган өкүлүнүн атынан Шералынын Качыбеги Курани каримди өөп ант берген. Ошол салтанатта көл башындагы кыргыз урууларын кыдырып жүрүп, Россияга кошулууну уюштурган орус офицери Чокан Валиханов дагы катышкан. 

КПСС БКнын идеология бөлүмү, СССР илимдер академиясынын тарых институту, мамлекеттик архивдердин материалдарынын негизинде “кыргыз калкынын Россияга өз эрки менен кошулганы туура” деген тыянакты 1962-жылы чыгарышкан. 

Юбилейлик салтанатыбыз 1963-жылдын 30-октябрында өткөрүлүп, ага борбордон жана 15 союздук республикалардан делегациялар катышкан. Казакстан бизди туурап, Россияга кошулган 250 жылдык юбилейин 1965-жылы өткөрүштү. Алардан кийин Украина, Молдова, Белоруссия, Армения, Грузия жана башка республикалар тарыхый даталарын тактап, Россияга кошулганын белгилөө салтка айланып калды. 

Чындыкка таянып сүйлөсөк, көргөн көптөгөн жакшылыктарыбызды эстебей туруп, эгемендиктин отуз жылдан ашык тентиген “кыргыз заманында” 1-1,5 миллиондон ашуун жарандарыбыз Россияда окуп, иштеп, өздөрүн багып, артканын мекенине которуп, республиканын улуттук кирешесинин үчтөн бирин толтуруп жатпайбы! Биз үчүн улуу орус улутун жана мамлекетин кайсы эл, кайсы өлкө менен салыштырууга болот?

Урматтуу Садыр Нургожоевич! 

Сөзүмдүн аягында жыйынтыктарым: гений Алыкулдун отуз жашындагы “Россия” деген төрт сап поэзиясы жазылган эстелиги Москва шаарында тургузулса, эки элдин карым-катнашы, достук байланышы түбөлүккө даңазаланмак. Кыргыз окурмандарына Алыкул Осмонов теңдешсиз популярдуулугу менен айырмаланат.


Россия 

Ты, Россия, мне матерью стала родной, 

Словно беркута, гладила доброй рукой. 

Всей душой благодарной тебе говорю: 

Наш народ будет сильным, пока он с тобой. 


(Которгон Е.Рейно) 31-январь 1945-жыл. 

Мырзабек Касымалиев, ЖКнын экс-депутаты, айыл чарба илимдеринин кандидаты
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер