Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 4 миллион сомдук алтын саткандар кармалды

4 миллион сомдук алтын саткандар кармалды

10-январь, 02:04
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кениндеги алтын өндүрүүчү фабрикасынан алтын рудасын уурдаган топ кармалды. Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар руданы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн. Оттук айылында «Мерседес-Спринтер» автоунаасы кармалып, анда 1500 кг салмактагы 35 кап өлчөмүндө алтын камтыган руда табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынды.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер