Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кочкордо дагы бир келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган

Кочкордо дагы бир келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган

07-январь, 16:38
1 594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Кочкордо дагы бир келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган

Нарын облусунун Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында ур-токмоктон 37 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, кылмышка келиндин күйөөсү шектелүүдө.

“1-январь түнү саат 00.40тар чамасында Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери келинди көргөнү барат. Бирок, дарыгер барганга чейин эле келин каза болуп калган. Мындан улам фельдшер дароо 102 кызматына кабарлаган. 37 жаштагы келиндин сөөгү уктоочу бөлмөсүнөн табылган”  деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, келиндин жолдошу 34 жашта, жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы болгон. Окуя болгон кезде балдары каникулда таятасынын үйүнө кеткен.

“Ыкчам иликтөө иштери жүрүп, келиндин жолдошу сурак берген. Ал келинчеги экөө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкендигин айткан. Мындан улам аялын эки жолу жаакка чаап, жыгылып калгандан кийин каракуш тушка бир жолу тээп жибергендигин айтып берген” деп жазылат маалыматта.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") менен каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Келиндин жолдошу шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер