Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Оор кылмышка шектелген жарандар кармалышты
Оор кылмышка шектелген жарандар кармалышты
26-декабрь, 08:48


Оор кылмыштарга айыпталып, Россияда издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандар кармалды.
КР ИИМдин буйругу менен Россияга Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмышкерлерди издөө максатында жөнөтүлгөн.
Атайын иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай айыптар менен (адам өлтүрүү, каракчылык, пара талап кылуу ууручулук, унаа айдап качуу, бейбаштык) издөөдө жүргөн 22 кыргызстандык жаран аныкталды. Алардын 10у орусияда жазаларын өтөп жатышат.
Aryba.kg











