Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Баласын өлтүрүүгө аракет жасаган аял 11 жылга кесилди
Баласын өлтүрүүгө аракет жасаган аял 11 жылга кесилди
24-декабрь, 10:44


2018-жылдын сентябрь айында Ош шаарында 40 жаштагы аял кичинекей баласы менен менен 4-кабаттан кулап кеткен эле. Кылмыш болгон учурда аял мас абалында болгон. Ал өзүнүн жана баласынын жанын кыюуга аракет кылган.
Аял жана 7 айлык наристе дароо эле аймактык ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу жатаканада жашачу.
Жакында Ош облустук соту жатакананын терезесинен баласы менен боюн таштаган аялды 11 жылга эркинен ажыратты.
Аялга «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган эле.
Буга чейин Ош шаардык соту Ч.А.ны 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Буга макул болбогон айыпталуучу апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган. Кылмыш болгон маалда аял мас абалда болчу.
Aryba.kg











