Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында көз жумду

Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында көз жумду

16-сентябрь, 19:18
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчаланды.

Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарыкка келген. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктагандан кийин Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970-1974-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген.

Тагаев эл оозуна алынып, классикага айланган 120дан ашык обондордун автору. Анын 60ка жакын обону Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.


Sputnik-Кыргызстан”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер