Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Беш жашар кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалды
Беш жашар кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалды
23-декабрь, 09:38


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5 жаштагы кызга ыплас иш-аракеттерди жасаганга шектелген жаран кармалды. Окуя 20-декабрда Кум айылында болгон.
Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери беш жашар кызды зордуктоого аракет жасаган кылмышка шектүү адамды тез эле кармашты.
“Кум айылында 2014-жылы туулган кызга 39 жаштагы жаран ыдык көрсөткөн. Шектүү коңшу айылдан болгону аныкталды. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат”, – дейт Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы.
Aryba.kg











